Жалал-Абад шаарынын тургуну ири өлчөмдөгү ок-дарылар менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 19:00 чамасында 45 жаштагы А.П. мас абалда кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан АКС-74 жана АКМнын октору табылган. Ошондой эле ал ок-дарылар катылган жерди да көрсөтүп берген. Жалпы 5,45 калибриндеги 648 жана 7,62 калибриндеги 15 даана ок-дары табылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.