Ош шаарынын мэриясына ипотекага батир алуу үчүн кайрылган жарандардын саны өстү. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2015-жылы ипотекага батир алуу үчүн шаардык мэрияга 529 жашоочу кайрылган. Ал эми 2016-жылы алардын саны 840ка жеткен.
"Ипотекага батир алуу үчүн арыз менен кайрылгандар 58,8 пайызга көбөйдү. Ал эми жеке менчикке үй салуу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча 415 тургун кайрылса, 2015-жылы 348 адам кайрылган. Ошол эле учурда материалдык жардам сурап кайрылгандардын саны 508ге жетип, 2015-жылга салыштырмалуу 1 пайызга гана азайган", - деп билдирди басма сөз кызматы.