Депутат президентке, премьер-министрге кайрылуу жасап, жаңы саясий аянтча түзүүнү демилгеледи

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президентке, премьер-министрге, фракция лидерлерине, президенттикке талапкерлерге кайрылуу жасады. Бүгүн, 25-январда маалымат жыйынында ал кайрылуусунун максатын жана маани-маңызын түшүндүрүп берди.

"Биздин партия 2016-жылдагы шайлоо процесстеринин жүрүшүндө мыйзам бузууларга күбө болду. Аймактарда сот жана прокуратура жергиликтүү бийлик органдарынын шайлоо процесстерине кийлигишип, басым жасоо куралы катары колдонулуп жатат. Буга байланыштуу 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында бизде суроо туулат: келечектеги мамлекет башчыны шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрө алабызбы? Ошондуктан мен парламенттик фракция лидери катары жаңы саясий аянтча түзүүнү демилгелейм. Анын башкы максаты таза жана ачык шайлоону камсыздоо үчүн коомдук жана саясий күчтөрдү бириктирүү болуп саналат. Мен бардык коомдук жана саясий күчтөрдү биригип, жаңы саясий аянтча түзүүгө чакырам", - деди Төрөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан