Каракол шаарында унаа токтоочу жайда бастырма кулап, 5 унаа зыянга учурады

Каракол шаарында унаа токтоочу жайда бастырма кулап, 5 унаа зыянга учурады. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 24-январь күнү саат 14:38 чамасында болгон. Анда Кутманалиев көчөсүндөгү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын аймагында, унаа токтоочу жайда бастырма кулаган. Анын кесепетинен 5 унаа зыянга учураган. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, кран менен бастырманы көтөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
almazbei
2017-01-25 15:54:37
Анда Кутманалиев кочосу дейтго ,кыргызда Анда деген да ысым болот экен да ,биринчи жолу угушум ?
0
Namystan
2017-01-25 18:30:25
almazbei, Анда дыген ысым болбосо да, анда деген соз бар она-мона!
0
Kroxa
2017-01-26 00:51:45
Анда деген ысым эмес ал Орозбек Кутманалиев кочосу жонундо айтылып жатат,соз торкунун тушунбойбуз кыргыз болуп туруп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан