Бишкекте адам өлүмүнө шектелген 38 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте адам өлүмүнө шектелген 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-январь күнү саат 09:00дө Бишкек шаарындагы Торфяная көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 42 жаштагы Л.В. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөө учурунда 24-январга караган түнү аталган дарекке Рунар аттуу жаран барганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү катары Т.Р. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал мурда "уурулук", "алдамчылык", "абактан качуу", "киши өлтүрүү" боюнча соттолгон. Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан