Ысык-Көл облусунун тургуну 1 килограммдай маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"24-январда Бишкек шаарынын Токтогул жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 30 жаштагы А.К. аттуу Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылынын тургуну маңзат менен кармалган. Экспертизанын тыянагына ылайык, алынган зат гашиш экендиги аныкталды. Гашиштин жалпы салмагы 1 килограмм 20 граммды түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Кармалган жаран "баңгизат сактоо" беренесинин негизинде Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Азыркы тапта ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы маалым болду.