Бүгүн, 25-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
2016-жылы "Дордой" базарындагы соода түйүндөрүнүн үчтөн бири жабылды. Базарда жалпы 18 300 контейнер болсо, анын 6 миңи ишин токтотту. Маалыматты бүгүн Бишкек мэриясынын коллегиялык жыйынында мэр Албек Ибраимов билдирди. Базардагы абал мындан да кыйындашы мүмкүн. Анткени өлкөдө тигүү тармагында иштегендер жана алып-сатуу менен алектенгендер күн сайын азайып жатканы аныкталган.
Негизи, "Дордойдо" бүгүнкүдөй кырдаал түзүлөрү 2 жыл мурун, Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү алдында эле айтылган. Бирок өкмөт базардагы товарлардын 60 пайызы Орусия менен Казакстанга чыгарыларын, Кыргыз мамлекети уюмга кирбесе базарда соода биротоло токтошу мүмкүн экенин айтып, уюмга кирүүгө каршы чыккан "Дордойдун" соодагерлерин көндүргөн. ЕАЭБдин алкагында Кыргыз өлкөсүнүн тигүү тармагына миллиондогон суммада инвестиция салуу убадалары айтылган. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражатынын бир бөлүгү да жеңил өнөр жай тармагын колдоого жумшалышы керек эле, бүгүнкү күнгө карата фонддон тигүү өндүрүшүнө канча акча которулганы белгисиз. Тигүү тармагында иштегендерди арзан чийки зат (материал) менен камсыздоо үчүн өлкөдө текстиль фабрикаларын куруу зарылдыгы бар. Анткени ЕАЭБге киргенден кийин Кытайдан арзан материал алып кийим тигүү иши кыйындап, жыйынтыгы майда тигүү цехтеринин ишин токтотууга жеткирүүдө. Бул - өлкөдө жаңы миңдеген жумушсуз жарандар пайда болууда дегендик. Ансыз да жарандарын иш менен камсыздай албай жаткан өлкөгө ашыкча баш оору жаратчу көрүнүш. Бул жагдай Кыргыз жеринен Орусия жана Казакстанга кетчү мигранттардын агымын күчөтөт. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, 2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгында өлкөдөгү жумушсуздардын саны 1 пайыз да азайган эмес, иш орундары жетишсиз. Расмий маалыматтарга таянсак, 2008-2013-жылдары тигүү тармагында 300 миң адам иштесе, бүгүнкү күндө 150 миңдин тегерегинде.
Белгилүү болгондой, "Кыргызстанда жасалган" деген бренд дүйнөлүк рынокто жакшы таанымал, кыргыз чеберлери тиккен кийимдер сапаты менен өзгөчөлөнүп турат. Президент да, премьер-министр да тигүү өндүрүшү Кыргыз Республикасынын келечектүү тармактарынын бири экенин айтып жүрүшөт. Бирок бул мүмкүнчүлүктү өлкө азырынча жетиштүү пайдалана албай жатат...