"Бишкектеги Ала-Арча дарыясына 5 жашар кыз чөгүп кетти",- деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы. Айта кетсек, 27-апрелде аталган дарыянын Свердлов районунун Теңдик жаңы конушундагы аймагынан саат 22:20 чамасында 2008-жылы туулган Мырза кызы Асеманын жансыз денеси табылган. ӨКМнын куткаруу кызматы кыздын денесин ата-энесине өткөрүп беришкен, учурда кырсыктын себеби такталууда.