ЖЫЛНААМА, 26-ЯНВАРЬ: Орусиялык журналист, телеалпаруучу Леонид Парфёнов 56 жашка толду

Бүгүн, 26-январда орусиялык журналист, телеалпаруучу, режиссёр жана актёр Леонид Парфёнов 56 жашка толду. Ал Орусиянын Вологод облусундагы Череповец шаарында туулган. 1977-жылы Ленинграддагы Жданов атындагы университеттин журналистика факультетине тапшырып, аны 1982-жылы аяктаган. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин эле Леонид Парфёнов өзүнүн эмгек жолун "Правда", "Красная звезда" басылмаларында баштаган. Аны менен катар эле жергиликтүү телеканалда да иштеген. Ошондон тарта Леонид Парфёнов журналист, телеалпаруучу катары тааныла баштаган.

Леонид Парфёнов "Намедни", "Орус империясы" сыяктуу бир катар теледолбоорлордун автору катары да белгилүү. Орусиянын "Биринчи каналынын" көрүнүктүү алып баруучуларынын бири Леонид Парфёнов телевизиондук искусство тармагындагы эң мыкты жетишкендиктери үчүн 5 жолу ТЭФИ сыйлыгына ээ болгон.
Ал жөнүндө чыгармачылыкта жана жеке жашоосунда да ийгиликтүү инсан деп айтылып келет. 1987-жылы баш кошкон жубайы, журналист Елена Чекалова менен бир уул, бир кызды тарбиялап келет. Елена Чекалова журналисттик кесиптен сырткары мыкты ашпозчу экени менен да белгилүү. Ал жолдошу Леонид Парфёнов менен биргеликте тамак-аштар жөнүндө "Ешьте" китебин чыгарган.
26-январдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан