16-январда "Манас" Эл аралык аэропортуна жакын жайгашкан конуштун үстүнө кулаган учак 39 адамдын өмүрүн алып кетти. Балдарды жетим калтырып, ондогон үй-бүлөнү оор жоготууга учураткан кырсыктан жабыркагандарга акчалай каражат берип, жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бирдиктүү эсеп ачкан.
SUPER.KG порталы аталган министрликке кайрылып, акча которгон адамдардын тизмесин берип турууну сунуштаган. Министрликтен берилген билдирүү боюнча бүгүнкү күндө каражаттын суммасы 31 миллион сомдон ашты. Калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны эсепке алынып жатабы, жокпу, чоң суроо. ӨКМнын маалымат кызматы 9 күндөн бери "тизме даярдалып жатат" деген жооп менен чектелип, коомчулукка сумманы гана жарыя кылууда. Тизмени жарыялоо эмне себептен кечиктирилип жатканы боюнча дагы министрликте ынанымдуу жооп жок.