Бишкектеги Түркиянын элчилигинин алдында активисттер Боинг 747 учагындагы жүктүн ээсин атоону талап кылышууда

Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдына бүгүн, 26-январда активисттер Өндүрүш Токтонасыров жана Жеңишбек Жумалиев нааразычылык акциясына чыгышты. Алар кыйраган учактагы жүктүн ээсин атоону талап кылып, "Жүктүн ээсин ачык айтсын!" деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

"Кырсык бүтүндөй кыргыздарды капа кылды. Эмне үчүн кайсы бир табакташ тараптар Кыргыз жергесине мыйзамсыз жүк ташуу жолу менен элди кайгыга салышы керек? Түркиялык компания кара жолтой жүктүн ээсин ачык айтсын. Эки тарап эки бөлөк маалымат берип жатышат", - дейт активист.

Нааразычылыкка чыккан активисттер элчиликтин жетекчилиги чыгып талаптарын укпаса кечке чейин турарын айтышты.

"Биз Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылабыз. Ал кыргыз элине жүктүн кимге таандык экенин айтып берсин. Эгерде элчиликтен эч ким чыкпаса, биз аларды дипломатиялык элчилик эмес, бандиттер деп билебиз. Алар бизге оң жооп беришпесе, анда нааразычылык акциясын уланта беребиз", - деп кошумчалады Токтонасыров.

Азырынча активисттердин нааразычылыгына элчиликтен эч ким чыгып жооп бере элек.

35 кыргыздын өмүрүн алган жүк кимдики?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jika1984
2017-01-26 11:08:33
Мен дагы силер тарап Кыргыз элиМ!
+15
jika1984
2017-01-26 11:09:52
Туштон кийин Атамбай эс алып журо берсинчи элге жолукпай!.
+17
KaiMak
2017-01-26 11:10:23
Ким экен ошол...Былыйып отурат да азыр..,
+18
muratkg
2017-01-26 11:14:27
Бардык кыргыз эли силер тарап. Алыстамын да мен да бармакмын.
+17
Kairat.96
2017-01-26 11:14:32
Туура ачык айтышсын мен дагы барып кошулам азыр.
+23
Seiil.94
2017-01-26 11:33:20
азыр ачыка чыкбайт Аташка кеткенден кийин билебиз кимдики экенин озу билинип эле турат эчким ачык айта албай жататда.
+15
tulpar90
2017-01-26 11:34:15
Алештун товары .
+16
Nursultan.m.n
2017-01-26 11:46:17
Эн туура колдойм
+14
Tansuluu09
2017-01-26 12:19:16
Азыр бир нерсе деп алдап элди кайра уйуно жонотот коросунорго
+10
vip.aidan96
2017-01-26 12:55:02
Эмне болсо да товардын ээси шейит кеткен адамдарга боору оорубай, товарлар куйуп жок болгонуна ичинен куйуп олуп атса керек
+2
Ananai
2017-01-26 14:23:12
Муну да жаап жашырышып жаман тойгозушту,адамды кыжалат кылышып.Жуктун ээси да бушайман болуп отурган го,40адамдын туугандары жеп коюшат деп ачыка чыга албай...Эл баары ушул нерсенин адилет чечилишин кутуп атышат.Элди алдашса да баарибир озулоруно жаман болот кийин...
+2
Bekzamann
2017-01-26 17:34:08
Негизинен алганда туура эл билиши керек жук кимики болгонун...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан