Депутаттар парламентке чиновниктердин даярданбай келгенине катуу нааразы

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык маселелер боюнча "Өкмөттүк күн" өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутаттар өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматына канааттанбай жатканын айтышты.

Депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, чиновниктер бүгүнкү жыйынга даярданбай келишти. "Жогорку Соттун төрайымы бир аз кечигип келет деп айтылган, дагы эле келген жок. Ага суроолорубуз көп. Өкмөт мүчөлөрү депутаттардын суроолоруна толук жооп бере албай жатышат", - деп нааразы болду Жамалдинов.

Анын кесиптеши Тазабек Икрамов өкмөт мүчөлөрүнөн жакшы даярданып келүүсүн суранып, "Өкмөттүк күндү" жылдыруу керектигин айтты.

Депутат Кенжебек Бокоев саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев парламент жыйынынан кетип калганына нааразы болду. Батыралиев президент Алмазбек Атамбаевдин авиакырсыктан жабыркагандар менен жолугушуусуна кеткен болчу.

Жыйынтыгында спикер Чыныбай Турсунбеков 15 мүнөттүк танапис жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан