Бишкекте 42 жаштагы жаран 25 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн кармалды

Бишкекте 42 жаштагы жаран 25 жыл мурун жасаган кылмышы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1992-жылы милиция формасын кийген жаран Бишкек шаарынын “Орто-Сай” базарында сатуучу аялга өзүн укук коргоо органынын кызматкери катары тааныштырып, тамеки берүүсүн талап кылган. Бул кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган Айбек Жакыпов кармалган, бирок ал соттон качып жүргөн. Мындан улам аны сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. 2016-жылдын январь айында Октябрь райондук прокуратурасы Жакыповду издөө үчүн ишти Октябрь РИИБине өткөрүп берген. 2017-жылдын 25-январында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Айбек Жакыпов колго түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
admin_portal
2017-01-26 12:40:36
nursyrgak,
1. Жалаң баш тамга менен жазылган сөздөрдү жазууга болбойт.
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
luna.kg
2017-01-26 13:08:07
admin_portal,Бакыт Байсариевдин аялынын маегин таппайатамынго?
0
nurzada78
2017-01-26 13:14:42
luna.kg,Чыгыш бийин,уйдо уйронобуз,дегенди караныз!Ошол жерде Байсариевдин аялы☺
+1
luna.kg
2017-01-26 13:17:07
nurzada78,Рахмат))
0
admin_portal
2017-01-26 13:40:33
luna.kg, саламатсызбы? http://www.super.kg/article/show/39385/
0
mentol
2017-01-26 13:09:46
Молодецтер ушу темпте иштегенинерден жазбай журобергиле, Силердин келечегинер кен айланайындар)))
+4
roklait
2017-01-26 13:15:17
Башка чоңураак кылмыш кылган го чамасы,сигарет үчүн 25 жылдан кийин кармап не кереги бар.
+2
Nuura
2017-01-26 13:25:02
25 жыл мурун бул киши 17 жашта болгон экен.Жаш кезинде адашпаган адам жок эми бул кишини камашабы ошондо.Ото кызык законду жакшылап колдонушса болмок баркын кетирбей.
+4
Ramina-malina
2017-01-26 13:35:42
Oto korkunuchtuu kylymywker eken abailagyla...tooba aldagany uchun 25 jyl izdese,adam olturso uiundo jatyp ele alywat eken da....
+1
burma92
2017-01-26 13:53:26
Соз жок
+2
mirkaa5182
2017-01-26 13:58:35
Тамеки үчүн, өтө күлкүлүү окуя, кармашпай эле койушса болмок экен.
+3
lunakrasavisa
2017-01-26 15:33:24
Ой тобоо, кызык болдуго.адам олтуруп, коррупция, ууруларга жана зордогондорго закон иштебейт, байкуш сигарет сураган адамга закон иштейби?
+2
Bubu88
2017-01-26 17:42:31
Унутуп калып анан жолдон көрүп калып эстеп кетип кармашкан го менимче. Буга окшогондорду жөн коюп машина мн жаш балдарды коюп кетип качып кеткендерди кармасанар боло канчалаган жол кырсыктан адамдарды өлтүрүп качып кеткендер толтура
+2
timoha81
2017-01-26 17:47:07
Атандын корууу жаны министр иштеп баштагангоооо
+3
Nurkyz1977
2017-01-26 18:07:52
Бул убака чейин айды карап журдунорбу? Аябай укмуш иш кылгансып,тамеки ж.б майда нерселерге убактынарды короткончо башка иш кылсанар боло. Миллиондорду жеп мамлекетти тоногондор издетпей эле жанынарда жургондорду кармагыла. Уялбагандан озун уял дегендей эле заман болдуго.
+2
Ayida
2017-01-26 19:34:41
Тообоо кылдым биздин кызматкерлер айнып калыптыр.Же постава кылып бироонун ордуна камады
0
Targarien
2017-01-26 19:54:35
Милициялар айнып калганбы?
+2
samash2442
2017-01-26 23:29:27
Кулкуну гана келтиришет да уйдогулорго кечки анекдот болду ха ха ха
0
Damir1965
2017-01-27 01:49:52
Уялсагар боло милициялар. биздин милициялар ушундай алсыздарга эле алы жетет.Кыйраткансып интернетке жуктоп койушканын. Эми бул байкушту уялбай тергеп кесип жиберишет. Авторитетинерди озунор тогуп буттунор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан