Нарында өспүрүмдөр ортосунда чыр чыгып, 9-класстын окуучусу бычактан жаракат алды

Нарында өспүрүмдөр ортосунда чыр чыгып, 9-класстын окуучусу бычактан жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 24-январь күнү саат 00:30 чамасында Нарын ШИИБине "Тез жардам" кызматкери тарабынан өспүрүмгө белгисиз адамдар бычак сайып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"16 жаштагы У.Ж. аттуу 9-класстын окуучусу менен 17 жаштагы эч жерде окубаган Т.Т. аттуу бала уруша кетишкен. 9-класстын окуучусун Т.Т. оң бутунун сан тарабына бычак менен сайып жиберген. Натыйжада жабырлануучу Нарын облустук аймактык ооруканасына жаткырылган. Бул фактынын негизинде ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Т.Т. кылмыш куралы катары колдонулган бүктөмө бычакты көмөк чордондун үстүнө ыргытып жиберген. Ага “бейбаштык” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүүдө", - деп айтылат ИИмдин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
panda7
2017-01-26 12:44:06
Кыргызстанда бычак чыгарган иш каналарды эскертиш керек болуп калды,бычактын үчүн шиш кылбагыла деп.
+6
nurgaz
2017-01-26 13:23:57
Тообо, азыркы окуучулар мектепке бычак менен барабы? биз ашык, пара менен барчубуз.
+1
Ramina-malina
2017-01-26 13:26:00
Narynda ne ele boltat okuuchular?Kattuurak kozomolgo algylachy ospurumdordu...
+1
Kroxa
2017-01-26 14:15:15
Кун сайын мектеп окуучулары бычакташып эмне болушту кечее эле кочкордо 1 окуучу каза болуп калды го...
-1
Bishkek.001
2017-01-26 16:47:12
Өзүнө ишенбеген адам гана бычак көтөрөт.ХХХ болбогула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан