Кыргыз Республикасынын мүлктөрүн талап-тоногондордун сүрөттөрүн республика боюнча баннерлерге илүүнү 26-январда депутат Тынчтык Ураимов сунуштады. Депутат мамлекеттик мүлктөрдү сатып жибергендерге чара көрүүгө өкмөттүн алы жетпей жатканын белгилейт. "Кимдер күнөөлүү экенин баарыбыз билебиз, бирок аларды сот жообуна тартуу иши жүрбөй жатат. Жок дегенде алардын сүрөттөрүн баннерлерге илип, "мамлекетти талап-тоногондор ушулар" деп элге жарыяласак болбойбу?" - дейт депутат.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова мындай кылууга мүмкүн эместигин билдирсе, башка депутаттар андай адамдардын сүрөтүн элге жарыялоодон майнап чыкпасын айтышты. Аларды сот жообуна тартуу менен гана жазалоо зарылдыгы маалымдалды.