Боинг кырсыгы: Атамбаев каза болгондордун туугандары жана жабыркагандар менен жолукту (фото)

Бүгүн, 26-январда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Боинг кырсыгынан каза болгондордун туугандары жана жабыркагандар менен жолукту. Жолугушууга президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышышты.

Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен Гонконгдон келе жаткан учак "Манас" аэропортуна конордо кырсыкка учурап, Аэрофлот дачалык тилкесине кулап түшкөн. Ал кырсык 35 жергиликтүү тургундун жана 4 экипаж мүчөсүнүн өмүрүн алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан