“Зордуктоо кылмышына шектелип Бишкек шаарынын тургуну кармалды”. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Жал кичи районунун 38 жаштагы С.С. аттуу тургуну милицияга кайрылып, “бейтааныш адам 26-апрель күнү саат 20:30 чамасында №72-мектептин жанынан күч колдонуп зордуктады”,- деп билдирген. Окуяны иликтөөнү колго алган Ленин РИИБинин кызматкерлери 27-апрелде кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 43 жаштагы Б.К. аттуу тургунун кармашты. Тергөө амалдары жүрүп жатат.