"Сам себе режиссёр" телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Алексей Лысенков 52 жашка толду. Ал 1965-жылы 26-январда Украинанын Киев шаарында төрөлгөн.
Студент кезинде телевидение чөйрөсүнө аралаша баштаган. 1985-жылы аны "Весёлые ребята" программасына катышууга чакырышкан. Бул көрсөтүү Орусиядагы белгилүү юмордук шоу болуп эсептелген. 1988-жылы "Игра в детективе" телеспектаклине тартылып, 90-жылдардын башында "Нос" видеожурналын жараткан.
Жалпысынан А.Лысенков 20дан ашык программаны алып барган. Анын арасында "Доброе утро, Россия!", "Гонки на выживание", "Диалоги о рыбалке", "Истина где-то рядом" жана башка бир катар көрсөтүүлөр бар.
26-январга карата жылнаама.