Каныбек Иманалиев медицина боюнча Түркиянын моделин сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мамлекетке медицина тармагын толук каржылоону моюнга алууну же аларга каржылык эркиндик берүүнү сунуштады. Депутат улуттук медицина борборлору жетиштүү каржыланбай жатканын белгилеп:

“Биз же акча бөлүп бербейбиз, же каржылык эркиндик бербейбиз. Норвегиядагыдай толугу менен каржылоону моюнга алышыбыз керек. Же Түркия менен Түштүк Кореядагыдай жеке менчик медицина бизнесине өтүшүбүз керек. Бул боюнча мыйзам долбоорун өкмөткө жибергенбиз, жооп күтүп жатабыз. Ал мыйзамга ылайык, ким Кыргыз Республикасында медицинаны өнүктүрсө, ал кошумча нарк салыгынан жана пошлинадан бошотулат”, - деди.

Депутат “Телемедициналык кызмат жөнүндө” мыйзам даярдалып, 4 жылдан бери өкмөттөн колдоо болбой жатканын да айтты. Орусияда мындай мыйзам кабыл алынгандан кийин ооруканаларга кайрылуулар дээрлик 2 эсеге азайганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан