"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкери Кант шаарынын мэр шайлоосунан четтетилди

Кант шаардык кеңешинин азчылык коалициясынан шаар мэрлигине альтернативдүү талапкер болуп чыккан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын мүчөсү Майрамбек Асымкуловду аймактык шайлоо комиссиясы өз чечими менен талапкерликтен четтетип салды. Бул тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын катчылыгынан билдиришти.

"Аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз жана саясатташтырылган деп эсептейм. Мэрликке талапкер катары документтердин баарын убагында киргизгем. Мен БШКга расмий арыз менен кайрылдым, алар чечип берет деп ишенем", - дейт Асымкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан