Ысык-Ата районунда унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, 1 унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-январь күнү саат 21:20 чамасында аталган райондун Ивановка айылынын Фрунзе көчөсүндө жайгашкан жеке менчик унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен унаа оңдоочу жайдын чатыры, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн себеби жана жайдын ээси такталууда.