Өткөн суткада өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 2, Нарын облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталды.
Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Натыйжада үйдүн чатыры толугу менен күйгөн. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.