23-апрелде Кыргызстандан өз өлкөсүнө бара жаткан казак жараны 11 килограмм баңгизат менен кармалды. Укук коргоо органдары кыргыз-казак чек арасына жакын аймактан Мерседес Бенц унаасын токтотуп текшерүүгө алганда, ичинен ири көлөмдөгү баңгизат табылган. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары билдиришүүдө. Учурда тергөө амалдары уланууда.