ЖЫЛНААМА, 27-ЯНВАРЬ: 6 жыл мурун фармакологиянын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, ракка каршы дары жасаган профессор Арстанбек Алтымышев көз жумган

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 27-январда фармакологиянын өнүгүшүнө чоң салымын кошкон профессор, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев көз жумган. Ал 1930-жылы 5-майда Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги, КРнын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери.

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтту, Москвадагы Николай Пирогов атындагы окуу жайдын фармакология боюнча аспирантурасын аяктаган. Фармакологиянын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн СССРдин Жогорку Советинин "Каарман эмгеги үчүн" медалы жана юбилейлик медалдары менен сыйланган. "Интеркосмос" программасына салым кошкондугу үчүн Сергей Королёвдун медалын алган. 1970-жылы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун каттоосунан өткөн ракка каршы "Ликорин" дарысы үчүн Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Ал дарыны изилдөө үчүн 10 жылга жакын убакыт короткон. 1974-1976-жылдары А.Алтымышев иштеп чыккан "Арашан" бальзамы тарыхка космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген. 190 илимий эмгеги (14 монография, 20 ойлоп табуу) жарыяланган.
27-январга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2017-01-27 15:47:23
Бизде ушундай илимпоздорду баркташпайт,канча эмгек,мээнет кылып жасалган иштери коп бааланбайт,ал эми бироонун эмгегин плагиатство менен колдонуп кандидат медицинских наук,доктор,профессор наамдарын алып жургондор канча!
Ошолорду текшерген комитет коз жуумп бере салышат,бергенин алып чай-пайын ичип...
Жаткан жериниз жайлуу болсун,сиздин замандаштарыныз,сиздей залкар медиктердин арасы суюлуп баратат,абдан окунучтуу...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан