Алмазбек Атамбаев: "Конституциянын түп нускасы президенттик аппаратта сакталат"

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын түп нускасы президенттик аппаратта сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Конституциянын расмий редакциясына кол коюу аземинде билдирди.

2016-жылдын октябрында Жогорку Кеңеште Баш мыйзамды өзгөртүүгө тийиштүү мыйзам долбоору каралып жатканда "Конституциянын түп нускасы кайда?" деген суроо жаралган. Ошол кездеги юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева Конституциянын оригиналы, мыйзам боюнча, президенттик администрацияда сакталарын айтса, президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев президенттик аппаратта да документтин оригиналы жок экенин маалымдаган эле. Көп өтпөй Баш мыйзамдын 2 тексти президенттик аппаратта бар экени, бирок аны түп нуска деп атоого болору же болбосу табышмак экени айтылган.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы 2016-жылдын 11-декабрында референдум аркылуу өзгөртүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан