Кыргыз Республикасы дүйнөдөгү күчтүү экономикасы бар 50 мамлекеттин катарына кире алат. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда журналисттерге экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык абалын башкалардыкына салыштырган үч абройлуу дүйнөлүк рейтинг бар. Алар: "Дуинг бизнес" рейтинги (бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар), "Трансперенси интернешнл" рейтинги (коррупциянын деңгээли) жана Атаандаштыкка туруштук берүү боюнча рейтинг. "Бүгүнкү күндө бул дүйнөлүк рейтингдерде өлкөбүздүн көрсөткүчтөрү мыкты эмес. Учурда биз "Дуинг бизнес" тизмесинде 74-орундабыз. 2009-жылы Кыргыз өлкөсү 41-орунга жетип, мындан кийин анчалык көтөрүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө өкмөт Кыргыз Республикасын экономикалары күчтүү 50 мамлекеттин катарына киргизүү боюнча иш жүргүзүп жатат. Канчалык жогору жайгашсак, ошончолук инвестициялар көп келет", - деди Сазбаков.