Бишкек шаарында 37 жаштагы тургун маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 25-январь күнү саат 13:00дө Бах жана Түштүк магистралы көчөлөрүнүн кесилишинен 37 жаштагы тургун кармалып, милиция кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анын күрмөсүнүн сол жактагы чөнтөгүнөн ширеңкенин кутучасына салынган 12,6 грамм гашиш табылган. Кармалган жаран Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.