Бишкек шаарынын тургуну таап алган ок-дарыларды өз эрки менен өткөрүп берди. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-январь күнү Бишкек ШИИББинин 10-Башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну, 23 жаштагы Э.Б. 7,62 калибрдүү 60 даана окту өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Анын айтымы боюнча, 26-январда саат 10:00 чамасында окторду М.Ганди көчөсүндөгү сейил бактын айланасынан таап алган. Азыркы тапта иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.