Авиакомпания: "Ош-Москва каттамы менен учкандардын жүктөрү "Жуковский" Эл аралык аэропортуна жөнөтүлгөн"

24-январда "Элдик кабар" рубрикасына Ош-Москва каттамын ишке ашырган "Ural Air" авиакомпаниясынын учагы Москвадагы "Жуковский" Эл аралык аэропортуна жүргүнчүлөрдү жүгү жок түшүргөнү тууралуу жазылган.

"Ош" Эл аралык аэропортунун өкүлү 200гө жакын жүргүнчүнүн жүгү үчүн аэропорт эмес, авиакомпания жооптуу экенин айтты: "Эгер жүк таңгакталып, ага бирка чапталган болсо, жүк эч качан жоголбойт жана аны ачууга эч кимдин акысы жок. Эгер таңгагы айрылып калган болсо, авиакомпаниянын өкүлдөрү жооп беришет. Жүктүн түшүрүлүшүнө аэропорт жооп бербейт".

Ал эми авиакомпаниянын өкүлдөрү жүк жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн учакка жүктөлбөгөнүн билдиришти.

"24-январда кар жаап, учак уча турган тилке кардан жакшы тазаланбай, тайгак болуп жаткан. Коопсуздукту камсыздоо үчүн экипаж командири учакка көп жүк салбоо чечимин чыгарган. Учак оор болсо, ылдамдык алып абага көтөрүлүшү оор болот. Жүргүнчүлөрдүн жүгү 26-январда "Жуковский" аэропортуна жөнөтүлгөн", - деп билдиришти авиакомпаниянын өкүлдөрү.

Кабарды жөнөткөн окурман жүгүн алганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sahka
2017-01-27 15:35:04
Бред какой то.
+8
anu.alfia04
2017-01-28 00:46:29
Бул нерсе бир эмес экинчи жолу кайталанып жатат болуш керек. Бир жерден окуган элем Жуковский аэропортко бардык жугубуз жок деп.
+1
Kroxa
2017-01-28 10:41:31
Кызык го анда убара кылбай жуктун ээлери конгон аэропортко жеткируулору керек да бул эмне деген шумдук..эпте учуп барып анан шаардын тиги четинен бул четине жук издеппи...
0
etaj_rus79
2017-01-28 14:38:00
эн жакшысы жуковский аэропорту менен учпай эле койгула кыргыз туугандарым булар бизди тоготпогондук кылып жатышат эгер москвадан башка шаарга пересекать этетурган жургунчу болсочу ал эмне кылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан