Бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун тургуну Ысмайыл Тойчубеков кайрылды. Анда ал "кызыңды зордуктайбыз" деп коркутуп, ур-токмокко алган балдар дале жазасын албай жүрүшкөнүн айтты.
Тойчубековдун айтымында, окуя 2016-жылдын 11-ноябрь күнү саат 18:00 чамасында Ызар айылына бара жаткан жолдо катталган. Ошол учурда жанында 3-класста окуган кызы да болгон. Анын унаасын белгисиз адамдар кысып токтотушуп, кийин эч себепсиз ур-токмокко алышкан.
"10го жакын бала "бул адамды өлтүрүп, кызын зордуктап, унаасын өрттөп салыш керек" деп мени сабап жатышты. Бир канча жолу эс-учумду жоготуп, кайра өзүмө келдим. Унаамды да таш менен ургулашып, зыян келтиришти. Ошондой эле чөнтөгүмдөн 860 сом акчамды, паспортумду, айдоочулук күбөлүгүмдү, унаанын ачкычын алып коюшту. Окуядан кийин ооруканада 10 күн дарыланып чыктым", - дейт жабырлануучу.
Ошондой эле Ысмайыл Тойчубеков тергөөдөн эч жыйынтык жок экенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолду: "Окуядан бери 2,5 ай убакыт өттү, бирок тергөөдөн эч кандай жыйынтык жок. Прокуратурага арыз жазып, тергөөчүнү алмаштырдык. Прокуратура "алар менен жарашып ал" деп кайра-кайра сунуштап жатат. Мындан улам жергиликтүү күч органдарына ишенбөөчүлүк пайда болууда. Балким, кылмышка шектүүлөр алар менен сүйлөшүп алышкандыр. Мени сабагандардын мыйзам негизинде жазага тартылышын талап кылам".