Бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугу-2012: 7 кий чеберибиздин бири күрөштөн чыгып калды
Бүгүн бильярддын ыкчам пирамида түрү боюнча Ханты-Мансийскте өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунун 2-күнкү таймаштары уланат. Биринчи күнкү таймаштардан кийин Кыргызстандын намысын талашып жаткан 7 кий чебердин бири Улукман Карагулов чемпиондук үчүн күрөштү токтотту. 15 жаштагы жаш спортчубуз 65-орун менен чектелгенин мелдештин расмий сайты жарыялады. Азиз Мадаминов, Сабыр Азат, Качкынбай Нурумбетов, Камолиддин Есиддинов, Каныбек Сагынбаев жана Зайлан Адамовдор күрөштү улантышууда. Мелдештин жүрүшү тууралуу кабардар кылып турмакчыбыз.