SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Тажикстанда семиз милиция кызматкерлери кызматтан алынмай болушту..." деген тема талкууга алына баштады.
Темада автор: "Тажикстандын милиция кызматкерлери ашыкча салмактан арылуусу керектиги өлкөнүн ички иштер министри тарабынан билдирилиптир. Министрдин айтымында, декабрь айынын башында эле ИИМдин бардык бөлүмдөрүнө кызматкерлердин салмагын нормага туура келтирүү боюнча эреже жөнөтүлгөн. Бизге дагы ушундай мыйзам керекпи?" - деген суроо салган.
Буга жазылган жооптордон:
"Бизде мындай мыйзам чыкса, милиция кызматкерлеринин 50 пайызы жумушсуз калат, анан кадр жетишпей кылмыштуулук күчөйт. Семиз болушса да мыйзам чегинде мыйзамды сыйлап, ошол берген анттарын так сактап иштеп берсе эле болот".
"Аскер адамы бойлуу, "стройный" болгону жакшы го. Туура кылышыптыр. Бизде ошондой мыйзам депутаттарга карата чыкса, канча депутат калат болду экен..."
"Семиз болсо да, чын жүрөгү менен, таза иштегени жакшы. Семиздер кайра сүрдүү көрүнөт. Арык милиция кызматкерин эч ким тоготпойт го".
"Эгерде семиз милиция кызматкери арык кылмышкердин артынан кубаласа, эч качан жетпейт. Ушул жагын да ойлосо керек алар".
"Милиция кызматкерлеринин авторитетин жогорулатыш үчүн көрүнгөндү ала бербей, өздөрүнүн стандарттары менен алса, анан дайыма формада жүрүшсө. Бизде бир аз акча болсо, байыса ичтери кошо "байыйт" семиришип. Элге кызмат кылгандар деле келбетине кам көрүшсө болмок. Аткаминерлерди карасаң бүт эле томолонушат".
"Башы иштеген, план түзгөндү билген кызматкерлерди арыкпы, семизби, ала бериш керек. Башы иштебесе арык-семизине карабай эле иштей албайт. Ал эми атайын топторго тандалма кызматкерлерди койсо болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.