Кара-Кулжа районунда "жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка караганда, 23-январь күнү саат 20:50 чамасында Кара-Кулжа РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда аймактык оорукананын төрөт бөлүмүндө 2000-жылы туулган А.А. аттуу кыздын көз жарганы айтылган. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн.
"Кыздын айтымы боюнча, 2016-жылы Ош шаарында 1997-жылы туулган Ы.У. аттуу бала менен таанышып, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Кийин өз каалоосу менен жыныстык катнашта болуп жүргөнүн билдирген. Ал эми 2016-жылдын 10-ноябрь күнү баш кошушуп, үйлөнүү тою өткөн", - дейт Ашырбаев.
Ошондой эле Жеңиш Ашырбаевдин айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалганын жана аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (16 жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголгон.