КҮНСЕРЕП: Боингдеги кандуу жүк: УКМК жиптин учугун Казакстанга буруп койду

Бүгүн, 27-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

16-январда кулаган Боингде чын эле Кыргыз фирмасына тиешелүү жүк бар болуп чыкты. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) учактагы жүк боюнча билдирүү жасап, борттогу жүктүн бир бөлүгү Кыргыз жериндеги компаниялардын бирине таандык экенин тастыктады.

Маалыматтар тез-тезден өзгөрүүдө. Буга чейин учактын ээси - "ACT Airlines" ("MyСargо" авиакомпаниясынын мурунку аталышы) кулаган учактын бортунда 85,5 тонна жүк болгонун билдирсе, УКМКнын бүгүнкү маалыматында жүктүн салмагы 76 тонна 758 килограмм деп айтылды, бул алгачкы маалыматтагыдан дээрлик 10 тоннага аз. Коопсуздук комитетинин маалыматына таянсак, бул жүктүн 1 тонна 902 килограммын электрондук от тутанткычтар (USB-зажигалка) түзүп, аны биздин өлкөдөгү "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын өкүлчүлүгү буюртма кылган. Баарынан кызыгы, ал жүк Бишкектен түшүрүлбөй Стамбулга чейин учакта барып, анан кайра учак аркылуу Бишкекке жөнөтүлмөк экен. Жүктү 2017-жылдын 19-январында Стамбул-Бишкек маршруту боюнча ТК 6528 каттамы менен ээсине жеткирүү пландалган деген маалымат таратылды. "JTI Kazakhstan LLC" компаниясынын Кыргыз жериндеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси от тутанткычтарды компаниянын Алматыдагы кеңсеси буюртма кылганын, товар сатык үчүн эмес, өнөктөштөргө белек кылууга пландалганын айтууда. Бишкектен буюртма кылынган товарды бир конгондо калтырбай Түркияга чейин жеткирип, кайра учак менен кайтарып келгиче ал от тутанткычтардын өздүк баасы канчага чыгып кетет? Минтип "саякаттатуунун" эмне кереги бар? УКМКнын билдирүүсүнөн кийин суроолор ого бетер көбөйдү. Учактын түз эле Стамбулга кетпей, Бишкекке конуусу боюнча маалыматты бир нече ирет өзгөрткөн "АСТ Airlines" компаниясынын бүгүнкү күндөгү маалыматы Кыргыз өкмөтүнүн пикирине окшош. Өкмөт учак "Манаска" май куюу үчүн конмок деп, бирок далил көрсөтө элек. Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Өмүрбек Текебаев учактын май куюу планы болгон эмес, эгерде Боингдин аэропортко май куюуга конуп жүргөнү чын болсо, аны далилдеген кагаздарды өкмөт эчак жарыялап чыкмак деген пикирде. 24-январда Мамлекеттер аралык авиация комитетинин өкүлү, кырсыкты иликтеген комиссиянын төрагасы Леонид Каширский журналисттерге жүктүн баары Стамбулга жеткирилмек экенин, тиешелүү документтер бар экенин билдирген. Учак кырсыгынын себептерин иликтеши керек болгон комиссия өкүлү эмнеликтен андагы жүк тууралуу маалымат берип жатканы дагы күдүк ойлорду жаратат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан