Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алуу" жөнүндө буйруктарга кол койду. Буйруктарга ылайык, 188 жаран өлкө жарандыгын алды. Булардын көбү тарыхый мекенине кайткан этникалык кыргыздар, Тажикстандын жана Өзбекстандын мурунку жарандары. Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 97 адам чыгарылды.
Белгилей кетсек, акыркы жолу президент мындай буйрукту 2016-жылдын ноябрында чыгарган. Анда 303 адамга Кыргыз Республикасынын жарандыгы берилип, 255 адам жарандыктан чыгарылган.