Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп 28-январда бир катар мамлекеттердин президенттери менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Трамп алгач Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен сүйлөшүү жүргүзөрүн чет элдик ММКлар жазышты.
Мындан кийин АКШ лидери Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшөт (Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө). Ошондой эле Франциянын президенти Франсуа Олланд, Австралиянын премьер-министри Малкольм Тернбулл менен да сүйлөшөрү пландалганы белгилүү болду.