ЖЫЛНААМА, 28-ЯНВАРЬ: Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози 62 жашка толду

Франциянын 23-президенти Николя Саркози 62 жашка толду. Ал 1955-жылы 28-январда Парижде туулган. 1959-жылы ата-энеси ажырашып, балдарды апасы тарбиялаган. Өзүнүн айткандарына караганда, бала кезинен эле жардылыгы үчүн комплекс менен жашаган, ошентсе да амбициясы күч болгон. Бир жолу атасы менен болгон маегинде атасы "сен эч качан Францияга президент боло албайсың, мындай нерселер Америкада гана болот" деген экен. Бул сөз Саркозини ого бетер чыйралткан. Ошентип, Николя Саркози 2007-жылдан 2012-жылга чейин Франциянын президенти болуп келген. Достору да, саясий оппоненттери да аны Сарко деп аташкан. Коомчулук анын саясий ишмердүүлүгүнөн да аялзатына болгон мамилесине өзгөчө көңүл буруп келген.

1982-жылы Мари-Доминик Кюльолиге үйлөнүп, 1996-жылга чейин жашашкан. 1996-жылдан 2007-жылга чейин Сесилия Сиганер-Альбенис менен баш кошуп, 2008-жылы үчүнчү жубайы Карла Бруниге үйлөнгөн.

28-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан