Назгүл Кайыпова Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 28-январда өкмөттөн билдиришти. Премьердин башка буйругу менен бул кызматка Бакытбек Мураталиев дайындалды.