Букмекердик кеңселер Шевченко-Пенья беттешинде Валентина Шевченко жеңет дешет. Анын утушуна 1,6 коэффициент берилсе, тең чыгууга 2,17, Жулианна Пенья утат дегенге 2,25 коэффициент берилүүдө.
Бүгүн, 28-январда Денверде Валентина Шевченко менен Жулианна Пеньянын беттеш алдында салмактары өлчөндү. Анда Пенья 61,2 кг болсо, Шевченконун салмагы 60,8 болду.
Аталган беттеш 29-январда Бишкек убактысы менен саат 03:00дө болот.