Президент Алмазбек Атамбаев 28-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди ай жылнаамасы боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамы менен куттуктады.
"Ай жылнаамасы боюнча Жаңы жыл – Жаз майрамына байланыштуу чын ниеттен айтылган куттуктоолорумду кабыл алып коюңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана кошуналык жакшы мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктүн, соода-экономикалык кызматташтыктын тереңдешине, ошондой эле ири жана өз ара пайдалуу долбоорлордун иш жүзүнө ийгиликтүү ашырылышына өбөлгө болоруна ишенем. Кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүү маселелерине өзүңүз көңүл буруп жатканыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет", - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.
Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинге бекем ден соолук, бак-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми кытай элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.