Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин 28-январда телефондо сүйлөшүү жүргүзүштү. Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттарына таянсак, президенттер Сирия жана Украинадагы жаңжал, экономикалык байланыштарды бекемдөө, бетме-бет жолугушуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
"Жакынкы Чыгыштагы кырдаал, терроризмге каршы күрөшүү, Араб-Израиль чатагы, Ирандын ядролук программасынын тегерегиндеги кырдаал өңдүү актуалдуу эл аралык маселелер талкууланды. Украинадагы кризистин негизги жагдайлары да ортого салынды. Ушул жана башка маселелер боюнча өнөктөштүктү жолго салуу тууралуу сөз болду", - деп айтылат Орусия президентинин администрациясы тараткан билдирүүдө.
Лидерлер Сирияда "Ислам мамлекети" тобун талкалоо боюнча орусиялык жана америкалык аскерлерди координациялоону жөнгө салууну макулдашкан. Телефондо сүйлөшүү 45 мүнөткө жакын созулуп, сүйлөшүүгө АКШ тараптан Трамптын кеңешчилери жана АКШнын вице-президенти Майкл Пенс да катышса, Орусия президенти өзү жалгыз сүйлөшүү жүргүздү.