Жогорку Кеӊештин Координациялык кеӊеши парламенттин 1-2-февралдагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.
Жогорку Кеӊештин 1-февралдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-жылга бюджети жөнүндө" мыйзам долбоору, "Лотерея ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" жана башка бир катар маселелерди кароо пландалууда.
Ал эми 2-февралда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн натыйжалары жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулат.