Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов көзү тирүү болгондо бүгүн, 30-январда 79 жашка толмок. Ал 1938-жылы Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1991-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. 1996-жылы 26-мартта И.Каримовдун президенттик ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин референдум аркылуу узартылган. Ал эми 2000-жылы 9-январда ал шайлоодо 91,9 пайыз добуш менен жеңип чыгып, 2-мөөнөткө президент болуп шайланган. Ошондой эле 2007-жылы 23-декабрда жана 2015-жылы 29-мартта өткөн президенттик шайлоолордо дагы И.Каримов жеңишке жеткен. 2016-жылы 28-августта анын инсульт диагнозу менен ооруканага жеткирилгени тууралуу маалымат тараган. 2-сентябрда Өзбекстан бийлиги президенттин каза болгонун расмий түрдө билдирип, өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган.
И.Каримов жубайы Татьяна Каримова менен 1967-жылы баш кошуп, Гүлнара жана Лола аттуу кыздуу болушкан. Айрым маалыматтарга караганда, анын биринчи жубайы Наталья Кучми болгон жана экөөнүн ортосунда Пётр аттуу уулу бар.
30-январга карата жылнаама.