Вознесеновкадагы №14-балдар колониясында учурда 37 жашы жете элек өспүрүм жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 26-апрелде акыйкатчы Турсунбек Акун аталган колонияга барып, ал жердегилердин абалы менен жакындан таанышып келген. Жаза өтөө жайына барган учурда тамак-аш берүү жана аларды кармоочу жайдын абалы боюнча арыз-даттануулар түшкөн эмес.