ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: 69 жыл мурун көрүнүктүү индиялык саясий ишмер Махатма Ганди көз жумган

Мындан 69 жыл мурун, 1948-жылы 30-январда Индияны Улуу Британиядан боштондукка чыгаруу күрөшүнүн башкы идеологу Махатма Ганди 78 жашында көз жумган.

Ганди Мохандас Карамчанд - Индиядагы улуттук боштондук кыймылдын лидери, идеологу. Гандинин окуусу (гандизм) улуттук боштондук күрөштүн программасы болгон. Негизги принциптери: адамдардын ортосундагы мамилелердин чыныгы формасы - сүйүү, бул жашоонун негизги мыйзамы тынчтык жолу менен, күч колдонбой күрөшкө көпчүлүк элди тартуу аркылуу максатка жетүү. Ганди күч колдонууну катуу сынга алып, күч колдонбогон коом жөнүндө концепциясын иштеп чыккан, саясатта жаңы ыкманы - жарандык баш ийбөөнү колдонууга чакырган. Ал мамлекетти зордук-зомбулуктун биримдигинин формасы деп эсептеген, бирок адамзаттын азыркы доорунда мамлекет зарыл экендигин танган эмес. Гандинин ою боюнча, күч колдонбогон мамлекет кичинекей, өз алдынча башкаруучу жана камсыз кылуучу, айылдык коммуналар сыяктуу болуп, анда моралдык жана социалдык мажбурлоо бар, чечимдерди көпчүлүк кабыл алган. Бирок жеке адам же азчылык да өздөрүнүн аң-сезимине туура келбеген аракеттерди жасабай, жарандык баш ийбөө жолу менен саясатка каршы ачык күрөшө алган.

30-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан