Бүгүн, 30-январда саат 14:30да Жогорку Кеңеште “Күрөө жөнүндө” мыйзамга, Жарандык кодекске жана “Банктык сыр жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлоруна арналган парламенттик угуу болот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген. Ага ылайык, жарандар Конституциянын ченемдерине таянып өздөрүнүн укуктарын коргой алышат. Күрөө жөнүндө макулдашуу укук белгилөөчү документ катары бир тараптуу тартипте таанылбайт. Бул макулдашууну түзүү насыяларды жана карыздарды алуу учурунда милдеттүү болбойт. Мажбурлоосуз мүлктү ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү принциби киргизилет, бул соттук талаш-тартыштарды азайтууга жардам берет.