Мындан 135 жыл мурун, 1882-жылы 30-январда Америка Кошмо Штаттарын "улуу депрессиядан" куткарып, ири держава болушуна эбегейсиз салым кошкон 32-президент Франклин Делано Рузвельт АКШнын Нью-Йорк штатындагы Хайд-Парк шаарында бай жана мартабалуу үй-бүлөдө туулган. Анын атасы Жеймс Рузвельт көмүр жана темир жол компанияларынын акциясына ээ, таасирдүү адам болгон. Франклин 1896-1899-жылдары Гротондогу эң мыкты мектептен окуп, Гарвард университетинен билимин уланткан. Саясий карьерасы 1910-жылы башталып, 1921-жылы шал оорусуна чалдыкканда убактылуу токтогон. Ал саясий аренага 1928-жылы кайтып келип, Нью-Йорк штатынын губернаторунун ордун ээлеген. Ал жерде эки мөөнөт отурган соң, 1932-жылы президент болуп шайланган.
Рузвельт президенттиктин алгачкы 100 күнүндө эле кризистин сазына батып турган АКШны жандантуу үчүн бир катар зарыл программаларды камтыган "Жаңы багыт" планын иштеп чыгууга жетишкен. Алгач банк системин калыбына келтирип, жумушсуздар менен ачкачылык чеңгелиндегилерге жардам берүүнү колго алган. Айыл чарба менен өндүрүш тармагына көп көңүл бурган. Рузвельт тышкы саясатты өтө аяр, сак жүргүзгөн. II Дүйнөлүк согуштун чыгышы менен ал курал-жарак өндүрүүнү жана сатууну алдынкы орунга коюп, Англия менен Францияга тымызын жардам бере баштаган.
Тарыхчы жана аскер адамдарынын айтымында, 1941-жылдын 7-декабрында япон учактары АКШнын Тынч океандагы "Перл-Харбор" аттуу аскер базасына кол салбаса, Рузвельттин тышкы саясаттагы ролу ушул темпте сакталып калмак. Маанилүү аскер базасынын кыйрашы менен ал армиясын согушка киргизип, жеңишти тездеткен. 1945-жылы 12-апрелде көз жумган. Америка тарыхында ал биринчи жолу төрт жолу шайланган президент жана "улуу реформатор" катары сакталып калган. Төрт мөөнөт ичинде ал ачка, алсыраган өлкөнү бутуна тургузуп, ал тургай дүйнөлүк аренада чечүүчү ролду ойногон "көзүрлүккө" жеткирген. Жубайы Элеонорага 1905-жылы үйлөнүп, андан төрт бала көргөн.