Кара-Кулжа районунда кар көчкүдөн улам жабылган унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-январь күнү саат 20:30 чамасында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында көлөмү болжол менен 5000 метр куб кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Тазалоо иштерине №26-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, саат 22:45 чамасында жол толугу менен тазаланып ачылган.