Мектеп директорлоруна окуучуларды уруксатсыз сабактан коё берүүгө, мугалимдерге сабак учурунда окуучуларды кароосуз калтырууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-январда билдирди.
Аталган министрлик окуучуларды тарбиялоо иштерин күчөтүү жана ата-энелер менен тыгыз иштешүү максатында жаңы ыкма иштеп чыкканы белгилүү болду.
Ага ылайык, директорлорго ата-энелер менен балдардын үйдөн тышкары кеч жүрүүсүндөгү жоопкерчилиги тууралуу жыйналыштарды өткөрүүгө, ошондой эле ата-энелер комитети менен биргеликте класстан тышкары окуучулар менен иштешүүнү күчтөнтүү тапшырмасы берилди.
"Мектептерде сабак учурунда окуучуларды мектеп боюнча же ашканадагы жумуштарга, мектеп аймагын тазалоого, билим берүүчү уюмдун окуу планынан тышкары иш-чараларга катыштырууга тыюу салынды. Эгер окуучу медициналык жардамга же анын абалы башка дагы иш-аракетке муктаж болсо, классты жооптуу администраторго таштаса болот. Эгер мугалимдин катыштыгы зарыл болбосо, окуучу жооптуу администраторго тиешелүү иш-аракетти көрүүгө өткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары сабакка кечиксе же мектеп формасы жок болсо, окуучуну сабакка киргизбей коюу негизсиз жана окуучуну сабактан чыгарууга тыюу салынган. Маалыматка ылайык, окутуу жана тарбия берүү процессинде баланын кызыкчылыгы камсыздалып, мыйзамдуулук, демократиялык принциптерге негизделиши керек.