Пакистандагы суу ташкыны унааны адамдары менен кошо агызып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя Пакистандын Чаман шаарында болгон. Анда тынымсыз жааган жамгырдан улам пайда болгон суу ташкыны унааны ичиндеги адамдары менен кошо агызып кеткен. Ал учур ошол жердеги адамдар тарабынан видеого тартылып калган. Унаанын ичиндеги 3 адамдын экөөсү аман калган, ал эми бири дайынсыз болууда.